Пайдалуу кеңештер

Адамды көтөрүү үчүн муздун калыңдыгы кандай болуш керек? ӨКМдин эскертүүсү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин эскертти.

Мекеме биринчи кезекте көлмөдө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбоо керектигин, анын калыңдыгын текшерүү үчүн бут менен тепкилеген кооптуу экенин айтты.»Кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот.

Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, жарылып кетиши толук мүмкүн», — дешти ӨКМден.

Эске ала турчу кеңештер:

калыңдыгы 5 сантиметр муз чоң кишини көтөрө албайт;10 сантиметр болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт;12 сантиметр калыңдыктагы музда кар унаасы (снегоход), 20-30 сантиметр музда жеңил унаа, калыңдыгы 30-38 сантиметр болгон музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.Ошондой эле кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда муздун үстүнө чыкпоо зарыл экени кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button