Окуялар
Ошто банянын суу казаны жарылып, өрт чыкты. Жабыркагандар бар

ӨКМ 7 адам жабыркап, Тез жардам менен ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 5-июнда шаардагы Кокумбий көчөсүндө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыккандыгы тууралу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 1 бөлүм тартылып, өрт ыкчам өчүрүлгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен 7 адам жабыркап, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.



