Коом

Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен кайгуул инспекторун дарылоо боюнча кеңешмеге катышты

30 жаштагы инспектор Улуттук госпиталга санавиация кызматы аркылуу оор абалда түшкөн.  

Министрлик бейтаптын баш мээси катуу жабыркап, жоон сан сөөгү майдаланып сынып кеткенин, башка да жаракаттарды алганын айтты. 

«Бүгүнкү күндө бейтап жандандыруу бөлүмүндө комада жатат, абалы оор деп бааланууда. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган«, — дешти министрликтен. 

Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алып, жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолуккан. Инспектордун абалы жакшырса, мээсине  MРТ диагностикасы жасалары кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button