Маданият
Кыргызстандык эки музыкант Өзбекстандын Эл жана Эмгек сиңирген артисти болду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстандын эки музыкантына мамлекеттик сыйлык берүү боюнча жарлыкка кол койду.
Маалыматка караганда, Өзбекстан Республикасынын Эл артисти наамына Өмүрбаев Нур Санташевич (Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эстрада-симфониялык оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси) жана Өзбекстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына Дүйшөнбек уулу Закирбек (музыкант, комузчу) татышты.
Мирзиёев аларды Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кылымдык достукту жана жакшы кошуналыкты , стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга кошкон зор кызматы үчүн сыйлаганы белгиленген.



