Кызыктар

Жөн гана эс алыңыз: 21-сентябрга гороскоп

Кой. Бардык демилгелерди кое туруңуз. Бул күн кандайдыр бир активдүү аракеттерге жарабайт, андан көрө эс алып, күч топтоңуз. Достор менен жолугушууну пландоого да болбойт, алар сиздин жашоо энергияңызды ар кандай сүйлөшүүлөр, даттануулары, суранычтары менен алып коюшат. Кечкисин өзүңүз менен өзүңүз болуп китеп окуңуз, хоббиңиз менен алектениңиз.

Букачар. Сиз жашооңузду өзгөртө турган маанилүү чечим кабыл алгыңыз келет. Бирок ишемби – бул үчүн ылайыктуу күн эмес, ошондуктан пландоонун да кереги жок, анткени бүгүн чечим кабыл алсаңыз, дүйшөмбү күнгө чейин эле аны өзгөртүүгө туура келип калат, ошондуктан шашпаңыз. Жөн гана эс алып, ар кандай маселелерге башты оорутпаңыз. Сиздин мыкты досторуңуз бар, эгер зарылчылык жаралса, алар сиздин көңүлүңүздү ача алышат.

Эгиздер. Тынч жана жайбаракат күн. Аны үй-бүлө менен жаратылыш коюнуна барып, көп баарлашып өткөрсөңүз жакшы болот. Сиз бул күндү иштериңизди бүткөрөм деп ылайыктасаңыз керек, бирок аларды токтотуңуз, азыр сизге туугандык карым катнашты жандандыруу маанилүү, а жумуш жана ага байланышкан бардык нерселер экинчи планга түшө турсун. А каржылык бакыбаттуулукту  ойлонуу ашыкчалык кылбайт.

Бөйөн. Бүгүн күнү бою тиричилик менен алышасыз. Анан мындан кайра эле запкы көрөсүз. Ошондуктан эс алып, башкаларга да эс алууга мүмкүндүк берээрсиз? Сиздин жашооңузда көптөгөн кызыктуу окуялар болуп жатат, бирок сиз көңүл бурбай жатасыз. Айланаңызга карап, сизди кызыктырган нерсе таап алыңыз. Эгерде бүгүн үйдөн чыгууга каалооңуз болбосо, үйдү тазалаңыз. Сизди күтүп жаткан иштер өтө көп.

Арстан. Сүйүү жаатында кызыктай эмоциялар сизди курчайт. Сизге чабуул жасашат. Сиз кандай чечим кабыл алууну: кабылдоону же баш тартууну, ыйлоону же кубанууну билбей каласыз. Кыскасы, күн мамилелерди териштирүү менен өтөт, бирок эч кандай жыйынтык алып келбейт. Жыйынтык качан гана сиз тынчтанып, акыл-эсти ишке киргизип, болуп жаткан окуяларды акылга салганда гана болот.

Бийкеч. Сиз бул күндү досторуңуз менен өткөргүңүз келет. Жылдыздар кечени үйүңүздө өткөрүүнү сунушташат, эң ишенимдүү досторуңузду чакырып, дасторкон жайып, убакытты жандүйнөгө ынак суйөлөшүүлөр, жагымдуу эскерүүлөр менен өткөрүңүз. Эгерде бул күнү жолугушууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда телефон аркылуу кабарлашыңыз. Көптөн бери байланышпаган досторуңузга чалып, акыркы жаңылыктар менен бөлүшүңүз.

Тараза. Бул жылдыз белгинин алдында төрөлгөндөр жеке эгосунан жабыркашат. Сиз айланаңыздагылардын баары өзүңүзгө баш ийдиргиңиз келет, бирок ал ишке ашпайт. Бул идеяңыздан баш тартып, башкаларга тоскоолдук жаратпай тынч жашай бериңиз. Анын үстүнө азыр жеке жашооңузда ушунчалык маселе көп, ошолор менен алектенбесеңиз болбойт.  

Чаян. Бул күнү айланаңыздагы адамдар менен оңой тил табышасыз, ошондуктан күн жеңил жана эң сонун сезимдер менен өтөт. Дем алыш күндөрүндө жакынкы бир нече күн боюнча тактикаңызды түзүп алыңыз.

Жаачы. Эс алып, кенен дем чыгарууга убакыт келип жетти. Үйдөн чыкпай жатып уктаган сонун эле болмок, бирок активдүү эс алууну каалагандар жаратылыш коюнуна кетип, ошол жактан болгон чарчоосун чыгарышат.  

Текечер. Текечерлерди бардык жагынан гармониялуу күн күтүп турат. Сизде үй-бүлөңүздө да, жумушуңузда да баары жакшы. Күнүңүз кандай сценарий менен өтпөсүн, баары бир жагымдуу сезим калтырат. Техникадан гана абайлаңыз, тиричилик жараатын алып калышыңыз мүмкүн.

Суу пери. Жеке мамилелерди териштирүү менен алек болосуз, азыр сиз көп кырдаалда күнөөлүү болуп жатасыз, эмнеге ушундай болуп жатканын териштирүүгө убакыт келди. Сиздин чыдамыңыз да, сөз байлыгыңыз да позицияңызды жеткирүүгө жетет. Каршылашыңызды укканга да аракеттениңиз, ошондо каршылашуу сиз үчүн абдан пайдалуу жагына чечилет.

Балык. Сиз күнү бою эң сонун маанайда жүрөсүз. Айланадагыларга кубаныч тартуулаңыз, жакын адамдардын жылмаюусун жана позитивин жаратуу керемет эмеспи. А сизди акыбалыңыз кубандырат, буга чейин кыйнап жаткан оору кетет. Бирок бул сизге жакшы сабак болушу керек: ооруганда дарыканага чуркап өзүңүз билген дарыларды иче бергенди коюп дароо врачка барыңыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button