Дүйнө

Россия чет элдиктерге убактылуу жашоого уруксат берүү эрежесин катаалдаштырууну көздөөдө

Росссиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин орусиялык жарандар менен никеге турган чет элдиктердин жашоого уруксат алуу эрежелерин катаалдаштыруу боюнча түзөтүүнү депутаттардын кароосуна киргизди.

РБК белгилегендей, Володин биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбооруна түзөтүү киргизди.

Документтин түп нускасында чет элдиктер россиялыктарга турмушка чыккандан эки жылдан кийин жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу жашоого уруксат алууга укуктуу болчу. Мамлекеттик Думанын спикери бул мөөнөттү үч жылга чейин көбөйтүүнү сунуштоодо. Анын пикиринде, натыйжада чет элдиктер жасалма нике аркылуу Россияда туруктуу жашоону мыйзамдаштырууга болгон кызыгуусун жоготот.

“Крокус Сити Холл” концерттик залында 145 адамдын өмүрүн алган теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык маанай күчөдү. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо органдары чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине рейд жүргүзө башташты.

2024-жылдын башынан бери Россиянын Ички иштер министрлиги 65 миңден ашык чет элдикти өлкөдөн чыгарып, 120 миң адамды өлкөгө киргизген эмес. Россияга мигранттардын агымы акыркы 10 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге төмөндөдү. Экономисттердин айтымында, бул өлкөдөгү кадрдык кризисти курчутат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button