Дүйнө

АКШ Россияга каршы санкциянын экинчи фазасына даяр

АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын Украинага ири аба соккуларынын артынан Москвага каршы санкциянын «экинчи фазасына» өтүүгө даяр экенин билдирди. Бул соккудан Киевдеги негизги өкмөттүк имарат өрттөнүп, кеминде төрт адам каза тапты.

Трамп ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшөрүн жана европалык лидерлердин жумушчу аптада АКШга Украинадагы согушту токтотуу маселесин талкуулоо үчүн келерин билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button