БШК: Парламенттик шайлоого 393 эл аралык байкоочуну каттады

24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 393 эл аралык байкоочуну каттады. БШКнын токтому менен төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү эл аралык байкоочу катары катталды.
— Филиппиндин Шайлоо боюнча комиссиясы;
— Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин байкоочулар миссиясы;
— Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилиги;
— Түркия Республикасынын элчилиги;
— Кытай Эл Республикасынын элчилиги;
— Иран Ислам Республикасынын элчилиги;
— Германиянын элчилиги;
— Моңголиянын элчилиги;
— КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы;
— Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы;
— Шанхай кызматташтык уюму;
— Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу.
Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 770 эл аралык байкоочу катталды.



