Маданият
Бишкекте Түрк кино күндөрү өтүүдө

Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында Түрк кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага түркиялык жана кыргызстандык кинематографисттер, маданият ишмерлери жана кино сүйүүчүлөр катышты.
Ачылыш аземде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле Түркиянын Кино башкармалыгынын башкы директору Бирол Гювен мындай маданий долбоорлор эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдей турганын айтты.
Белгилей кетсек, Түрк кино күндөрү 7-июнга чейин уланат.



