Коом

«Жунда» заводу өндүрүштү 50 миң тоннага чейин көбөйтөт

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев Чүй облусундагы «Жунда» модернизацияланган мунайды кайра иштетүүчү заводуна барды.

Сапардын жүрүшүндө ал ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү, мунайды кайра иштетүүнүн технологиялык процесси жана чыгарылган продукциянын лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Заводдун жетекчилигине мунай заттарын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү милдети коюлду. Жакынкы арада ишкана айына 24 миң тонна бензин өндүрүүгө, ал эми ушул жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 50 миң тоннага жеткирүүгө тийиш.

Мындан тышкары, «Кыргыз Мунай Корпорациясы» мамлекеттик ишканасы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тапшырылды. Коюлган милдетке ылайык, мамлекеттик компания кайра иштетүү үчүн заводго чийки зат жеткирүүнү камсыз кылат, ал эми өндүрүлгөн мунай заттары ички рынокту туруктуу камсыздоо үчүн Кыргызстандын ички рыногуна толугу менен багытталат.

Бул чараларды ишке ашыруу мунай заттарын ата мекендик өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, импорттон көз карандылыкты азайтууга жана Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button