Дүйнө

Эрдоган НАТО саммитинин катышуучуларына тапанча белекке берди

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада өткөн НАТО саммитинен кийин Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге, Европа кеңешинин төрагасы Антониу Коштага жана башка европалык лидерлерге оймо-чиймелери түшүрүлгөн тапанчаларды жана ок-дарыларды белекке берген. Бул тууралуу Politico өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Антониу Коштанын коопсуздук кызматы белекке берилген куралды текшерүү үчүн алып кеткен. Европалык аткаминерлердин айтымында, Бельгиядагы курал-жаракка байланыштуу катуу эрежелерден улам Кошта менен Урсула фон дер Ляйен бул белектерди жеке өздөрү сакташы күмөн.

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Нидерланддын өкмөт башчысы Роб Йеттен белекке алган тапанчаларды Түркияда калтырып, аларды ок чыгарууга жараксыз абалга келтирүүнү чечишкен. Нидерланд өкмөтүнүн өкүлү Йеттенге берилген курал Анкарадагы элчиликте калганын ырастады.

НАТОнун саммити 7–8-июлда Анкарадагы Бештепе президенттик комплексинде өттү. Ага альянстын бардык 32 өлкөсүнүн лидерлери жана башка мамлекеттердин делегациялары катышкан. Европа Биримдигинин атынан Антониу Кошта менен Урсула фон дер Ляйен өкүлчүлүк кылышкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button