Коом

Жактоочу Сергей Слесарев: Насирдин Юсуповдун үй-бүлөсүнө карата кыянаттык уланууда

Насирдин Юсуповго жана анын үй-бүлөсүнө карата кыянаттыктар уланууда,» — дейт анын адвокаты Сергей Слесарев.

«Чүй облустук соту Юсуповго же анын адвокаттарына кабарлабай туруп,  ишти Аламүдүн райондук сотуна жөнөткөн, ал жерде аткаруу барагы дароо сот аткаруучуларга жөнөтүлгөн. Адвокаттар аткаруу барагын жана өкүмдү алуу үчүн мыйзам боюнча арыз берүү процессинен өтүшү керек болчу.

Бул  мыйзамды одоно бузуу, анткени коргоо тарап сот процессинин тарабы болуп саналат!

Президентке даттанууларга карабастан, сот тарабынан Юсуповдун укуктары одоно бузуулар менен уланууда.

«Сот аткаруучусу  мыйзамды бузуу менен сот процессти баштап гана тим болбостон, аны тездетип, ал жердеги судьялар буйруктарды аткарып жатат», — деп эсептейт адвокат.

Насирдин Юсупов президент Садыр Жапаровдон анын үй-бүлөсүн бул кыянаттыктан коргоону суранууда.

«Айыл өкмөтүндөгү жыйындардын биринде мыйзамды бузуу менен тартып алууга шашылып жаткан жер медициналык кызматкерлер үчүн мамлекеттик турак жай куруу үчүн колдонулуп жатканы жарыяланган», — деп айтылат кайрылууда.

Адвокат президент Садыр Жапаров мурда жергиликтүү бийлик органдарын, укук коргоо органдарын жана сот органдарын «кызыл китептер» бар жер ээлерине тийбестен калтырууга чакырганын эске салды.

«Юсуповдун жеринде «кызыл китеп» бар, бирок президенттин анын иши боюнча талаптары аткарылбай жатат», — деп нааразы болгон адвокат.

«Тергөө жана сот иштери мыйзам бузуулар, кысым жана коркутуулар менен жүргүзүлдү. Андан тышкары, тергөө жана сот органдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аракеттери кайра каралган жок», — деп айтылат кайрылууда.

«Буга чейин, беш айдан ашык камакта отургандан кийин, уулум Чыңгыз 29,9 гектар жерди мамлекетке өткөрүп берген, бирок бул жетишсиз экени айдан ачык. Ошентсе да  бул жерлер учурда жеке менчик колдо », — деп айтылат Юсуповдун апелляциялык арызында.

Юсупов Чүй облустук сотунан ага жана анын үй-бүлөсүнө карата кысым жана коркутуулар боюнча көзөмөл органдарына берген арызын караганга чейин аткарууну токтото турууну суранат.

Эскерте кетсек, «легендарлуу парламенттин» депутаты, 85 жаштагы Насридин Юсупов 2024-жылдан бери УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын ошол кездеги жетекчилигинин мыйзамсыз иш аракеттеринин курмандыгы болгону  жана Чүй облустук соту адилетсиз чечим чыгарып жатканы тууралуу Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, көңүл буруп коюну суранган эле.

Тектеш кабарлар

Back to top button