Күнгө күйүп калганда эмне кылуу керек? Дерматологдон 7 кеңеш

Дерматолог Ольга Антонова күнгө күйүп калган адамдарга төмөнкү кеңештерди берди:
1. Терини муздатыңыз. Мисалы, салкын душ кабыл алыңыз. Ысык суу теринин абалын ого бетер начарлатышы мүмкүн.
2. Нымдандыруучу крем же алоэ вера кошулган гель сүйкөңүз. Бул терини тынчтандырууга жардам берет.
3. Көп суу ичиңиз. Бул организмдин суусузданышынын алдын алат.
4. Тери толук калыбына келгенче күндүн алдында көп жүрбөңүз. Сыртка чыкканда сөзсүз SPF көрсөткүчү жогору болгон күндөн коргоочу кремди колдонуңуз.
5. Эгер күйгөн жер оорутса же ыңгайсыздык жаратса, дарыгердин рецептисиз берилүүчү сезгенүүгө каршы дарыларды, мисалы, ибупрофен же парацетамолду колдонсо болот.
6. Күйүктөн чыккан ыйлаакчаларды жарбаңыз. Бул инфекциянын киришине себеп болушу мүмкүн.
7. Эгер күйүк катуу болсо, сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз.



