Пайдалуу кеңештер

Кардиолог жүрөктүн алсыздыгын көрсөткөн 3 негизги белгини атады

Кардиолог Аурелио Рохастын айтымында, адамдын жүрөгү начар иштеп жатканын үч белгиленин негизинде аныктоого болот. Анын сөздөрүн El Confidencial басылмасы келтирди.

Рохас биринчи белги катары шишикти атады. Ал көбүнчө буттун томук жагында пайда болот. Шишик организмде суюктуктун кармалып калышынан улам келип чыгат. Дарыгер терини манжа менен басып көрүп, андан кийин эмне болоруна көңүл бурууну сунуштады. Эгер териде манжанын изи калып калса, дарыгерге кайрылуу керек, деп белгиледи адис.

Жүрөктүн алсыздыгынын экинчи белгиси — жатып алып дем алуунун кыйындашы. Мындай учурда адам түнкүсүн уктоо үчүн тез-тез отуруп калууга же башынын алдына бир нече жаздык коюуга аргасыз болот.

Ал эми үчүнчү кооптуу белги — дене күч келген учурда, анын ичинде тепкич менен көтөрүлгөндө көкүрөктүн кысылышы же басылышы. Рохастын айтымында, улгайган адамдарда жана аялдарда бул белгилер көбүнчө чарчоо же демигүү менен коштолот.

Тектеш кабарлар

Back to top button