Дүйнө

АКШда Дональд Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн 1 долларлык монета чыгарылды

АКШнын Монета сарайы Дональд Трамптын портрети түшүрүлгөн номиналы 1 доллар болгон монетаны чыгарды. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

Монеталар АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына карата Филадельфиядагы Монета сарайында чыгарылган.

Алтын түстөгү монетанын алдыңкы бетинде Трамптын портрети, ал эми арткы бетинде АКШ президентинин мөөрү — тырмактарында зайтун бутагын жана жебелердин тутамын кармаган, көкүрөгүндө «250» деген жазуусу бар бүркүт түшүрүлгөн.

Монеталарды топтом түрүндө сатып алууга болот: 25 монета 61 доллардан, ал эми 100 монета 154,50 доллардан сатылат.

Телеканал белгилегендей, АКШнын мыйзамдары кызматта турган же тирүү мурдагы президенттин сүрөтүн монеталарга түшүрүүгө тыюу салат. Бирок 2020-жылы коллекциялык монеталардын дизайнын өзгөртүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, бул чектөө монеталардын арткы бетиндеги сүрөттөргө гана тиешелүү.

Тектеш кабарлар

Back to top button