«Манас» театры Нурчолпондун аткаруусундагы ырды платформалардан өчүрүүгө чакырды

Ырчы Нурчолпон «Манас» эпосун жаңы форматта аткарып, бул социалдык тармактарда талкуу жаратты. Кыргыз улуттук «Манас» театры расмий билдирүү жасап, аткарууну платформалардан өчүрүүгө чакырды.
«Коомдук талкууларды эске алуу менен Нурчолпондун аталган аткаруусун тиешелүү платформалардан өчүрүү туура кадам деп эсептейбиз. Ал эми мындан ары «Манас» эпосуна байланыштуу чыгармачылык иштерди адистер менен кеңешип даярдоо зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.
Театрдын түшүндүрмөсүнө ылайык, сын-пикирлердин бир бөлүгү ырчынын аткаруу учурунда тандаган кийимине байланыштуу болгон. Билдирүүнүн авторлорунун пикиринде, сөздөр, музыка, сахналык образ жана костюм эпостун духуна, кыргыз элинин салт-санаасына жана улуттук баалуулуктарына шайкеш келиши керек.
Ошол эле учурда театр «Манасты» жайылтуу үчүн искусствонун заманбап формаларын колдонуу демилгесин колдойт. Билдирүүдө эпостун мазмунун жана руханий негизин сактоо менен аны музыкада, кинодо, театрда, хореографияда жана башка чыгармачылык багыттарда чагылдыруу зарылдыгы белгиленген.
«Кеп «Манасты» ким аткарганында же кайсы музыкалык багытта аткарганында эмес. Негизги маселе — улуу мураска болгон мамиледе», — деп билдиришти театрдан.
Билдирүүнүн авторлору Нурчолпондун демилгесин толугу менен четке какпай турганын белгилешти. Алар мындай иштерди даярдоодо манасчылар, эпосту изилдөөчүлөр, филологдор, тарыхчылар, композиторлор жана этнографтар менен кеңешүүнү сунушташты.
Театр ошондой эле сын-пикирлер аткаруучуну кемсинтүү, мазактоо же негизсиз айыптоолор менен коштолбошу керектигин баса белгиледи. Сындын максаты мурасты сактоо жана чыгармачылык иштердин сапатын жогорулатуу болушу зарыл.



