Маданият
Рыспай Абдыкадыровго көзү өткөндөн кийин «Эмгек Баатыры» ыйгарылды

Композитор Рыспай Абдыкадыровго көзү өткөндөн кийин «Эмгек Баатыры» ардак даражасы ыйгарылды.
Музыкант бул сыйлыкка Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги чоң жетишкендиктери үчүн татыды.
Сыйлык анын кызы Сюита Абдыкадыровага тапшырылды.
Эске салсак, бүгүн президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын тапшырды.
9-сентябрдагы жарлыкка ылайык, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана кесиптик ишмердигиндеги олуттуу жетишкендиктери үчүн 59 адам сыйланды. Алардын арасында «Эмгек Баатыры» ардак даражасына татыган беш адам бар. Алардын бири — көзү өткөндөн кийин сыйланган ырчы Рыспай Абдыкадыров.



