Электрондук добуш берүүгө коом азырынча даяр эмес — БШК төрагасы

Кыргызстанда коом электрондук добуш берүүгө азырынча даяр эмес. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Ал депутат Махабат Мавлянова электрондук добуш берүүгө өтүү зарылдыгын белгилегенден кийин жооп берди.
Депутаттын айтымында, өлкөдө таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө шарттар түзүлгөнү менен, бул багыттагы иштерди дагы өркүндөтүү керек.
Шайназаровдун айтымында, техникалык жактан БШК электрондук добуш берүүнү киргизүүгө даяр.
«Бул добуш берген шайлоочулардын санын 100 пайызга көбөйтмөк. Бирок бир тобокелдик бар — шайлоочуларды сатып алуу фактылары көбөйүшү мүмкүн. Мисалы, кайсы бир талапкер ресторанга 200 адамды чогултуп, ошол жерден өзүнө добуш берүүнү суранышы мүмкүн. Мындай учурларды да жокко чыгарууга болбойт», — деди Шайназаров.
Ошол эле учурда ал келечекте электрондук добуш берүүнү киргизүүнү каалай турганын, бирок азырынча коом буга даяр эмес экенин кошумчалады.


