Дарыгер улгайган куракта организмди жашартуунун принциптерин атады

Эндокринолог Уильям Хсу адам улгайган курагында да ден соолугунун физикалык жана психикалык көрсөткүчтөрүн жакшырта аларын айтты. Ал организмди жашартууга жардам бере турган негизги принциптер тууралуу HuffPost басылмасына берген маегинде билдирди.
Дарыгер биринчи кезекте адамдын маанайына жана көз карашына көңүл бурууну сунуштады. Анын айтымында, картаюуну кайтарууга мүмкүн болгон процесс катары кабыл алган адамдар, адатта, жакшы натыйжаларга жетишет. Мындай адамдар үчүн медициналык текшерүүдөн өтүү, кан басымын жана холестериндин деңгээлин көзөмөлдөө — маанисиз аракет эмес, максатка жетүүгө багытталган конкреттүү кадамдар.
Ошондой эле дарыгер тамактанууга көңүл бурууга чакырды. Анын пикиринде, жаш өткөн сайын рациондо жашылча-жемиштердин, жаңгактардын, буурчак өсүмдүктөрүнүн жана бүтүн дан азыктарынын көлөмү көбөйүп, кайра иштетилген азыктар менен канттын көлөмү азайышы керек.
Мындан тышкары, Хсу белокко негизделген диеталарга ашыкча берилип кетпөөнү сунуштады.
«Эң ден соолугу чың улгайган адамдар булчуңдарын сактоо үчүн жетиштүү өлчөмдө белок алышат. Бирок белокко басым жасоо өсүмдүк азыктарын жана клетчатканын булактарын рациондон сүрүп чыгышына жол беришпейт», — деди адис.
Хсунун айтымында, улгайган куракта да жаңы нерселерди үйрөнүүнү улантуу, коомдук байланыштарды сактоо, жетиштүү уктоо жана үзгүлтүксүз кыймылдоо абдан маанилүү.
Дарыгердин белгилешинче, бул адаттар учурдагы дене формасын сактоого гана эмес, ден соолуктун айрым көрсөткүчтөрүн мындан ары да жакшыртууга мүмкүндүк берет.



