Орусия өлкөдөн 1 миллион рублдан ашык нак рублду алып чыгууга тыюу салды

Орусия 29-сентябрдан тартып жеке жактарга Кыргызстанга жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө 1 миллион рублдан ашык нак рублду алып чыгууга тыюу салды. Бул Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2026-жылдын 29-сентябрындагы №706 жарлыгында камтылган.
Чектөө Орусиядан Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө, ошондой эле Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстанга жайылтылат.
Ошол эле учурда документте белгиленген лимиттен ашкан сумманы алып чыгууга мүмкүндүк берген өзгөчөлүктөр каралган. Жеке жактар Орусиянын өкмөтү тарабынан аныкталган эл аралык аэропорттор аркылуу 1 миллион рублдан ашык сумманы алып чыга алышат. Ал үчүн банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн, акчаны алып чыгып жаткан адамдын эсебинен же аманаттарынан каражат алынгандыгын ырастаган банктык көчүрмөлөрдү көрсөтүү зарыл. Ошондой эле өкмөт белгилей турган башка документтерди да колдонууга болот.
Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн тыюу суммага карабастан колдонулат. Өзгөчөлүктөр, атап айтканда, эл аралык ташуулар жана Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгү үчүн каралган.
Тыюу салуу бузулган учурда жеке жактардан 1 миллион рублдан ашкан сумма алынат. Юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден алып чыгылып жаткан бардык сумма алынууга тийиш.



