Маданият

Айпери Кубик кызы: “Мени эч кимге салыштырбагыла, мендей кичи пейил, шайыр Айпери бирөө эле!”

Эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы Инстаграм баракчасынын активдүү колдонуучусу.  Ал кечээ башка ырыларга окшобостугу тууралуу айтып чыгып, коомчулукка ар кандай пикир жаратты.  Ал:

“Башка ырчыларга салыштырган адамдарды эч түшүнбөйм. Мен эч кимди атаандаш катары көрбөйм, хейтерлер! Атаандашым жок менин! Мендей Айпери бирөө эле! Анан да жашоомду салыштырасыңар. Менин өтүгүмдү кийип, мен баскан жолду басып өтсөңөр көрөт элем, кандай дээр элеңер?! Ар кимдин бул жашоодо өз орду бар. Мен эч кимди туурабайм, башка ырчылардын жашоосу менен ишим да болбойт жана болгон да эмес!  Өз жашоом менен өз арабамды тартып келем. Мындан ары да салыштырбай эле койгула. Мен көңүл да бурбайм! Бул баракча меники! Жөнөкөй, кичи пейил, ачык, шайыр, жасалмасы жок Айпери Кубик кызы экенимди эске алып коюңуздар”.

Ырчы айымдын бул жазганы ар кандай пикирлерди жаратууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button