Саясат

Алмазбек Акматов: “Экологиялык техникалык инспекциясы коррупциянын уюгуна айланды”

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясы коррупциянын уюгуна айланган. Бул тууралуу, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов, парламенттик жыйында билдирди.

Эл өкүлүнүн пикиринде: кызмат, 2012-жылы түзүлүп, өрт өчүрүү, курулуш, экология сыяктуу 12 тармакттык органдын көзөмөл-текшерүү функциялары берилгени менен, 9 жылдан бери, иш жыйынтыгын татыктуу бере алган жок. Коомдо чоң резонанс жараткан, 6 кызматкердин паракорлугу, маалымат катчысынын коррупциялык схемалар тууралуу нааразычылык акциялары, экотехинтпекциянын монстр болгондугунун далили.

Депутат, кызматтын ар бир башкармалыгы системалуу түрдө пара алууга көнгөндүгүн айтып, экология сакталбаса, эч ким жоопкерчиликке тартылбаса мындай кызматтын кереги барбы деген суроону койду. Жыйынтыгында, иш алдыга жылуусу, экологиянын сакталышы, мыйзамсыз курулуштарга тыюу салынышы, өрттүн алдын алуу сыяктуу аракеттердин талапка жооп берүүсү үчүн, көзөмөл алуу жана текшерүү функцияларын кайрадан тармакттык органдарга кайтарып берүү керек деген сунушун ортого салып, өкмөткө жеткирүү талабын койду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button