Депутат Эмил Токтошев кайсы ишкердин бизнесин тартып алганы жатат?


Жеке ишкер Кеңешбек Касымбеков 27-февралда маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбековго, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына, ИИМге жана Финполго Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев анын бизнесин тартып алып жатканын айтып, кайрылды.

Ишкер өз сөзүндө депутат Токтошев менен 2012-2016-жылдар чогуу иштеп, күнүмдүк турмушта колдонуучу самынды ташып иштегенин айтат.
Касымбековдун юридикалык өкүлү Мухтар Жаркуловдун айтымында, анын кардары Касымбеков “Бай Элим Компани” ЖЧКсы менен 4 жыл кызматташкан. Аталган компания менеджер С.Раев аркылуу Касымбековго самын жөнөтүп турган. Бирок ага Касымбеков ар бир вагон үчүн 500 доллардан айлык төлөп турган.

“2016-жылы Токтошевдин компаниясы Касымбеков менен Раев 11 млн. 162,8 миң сом карыз болуп калганын айтып чыкты. Биринчи инстанциядагы сот “Бай Элимдин” пайдасына өкүм чыгарган. Бирок экинчи инстанциядагы сот аны жокко чыгарган. Андан көп өтпөй Чүй облустук сотунун коллегиясы Аламүдүн райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, өкүмдү кайтадан “Бай Элимдин” пайдасына чыгарды”, — дейт ал.

Юрист компания койгон доонун суммасы да улам-улам өзгөрүп турганын айтат. Мисалы, башында 11 миллион сом доо болсо, кийин ал 7,2 млн. сом болуп калган. Кийин Toyota Sequoia автоунаасын алып, доону 5,9 миллион сомго чейин азайткан.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев анын дарегине айтылган айыптар менен макул эместигин айтып, бул боюнча кийин толук түшүндүрөм берем деп ишендирди.

Abal.kg