Самара Каримова саясатка аралашып, депутаттыкка талапкерлигин койду

Ош шаарында «Биримдик» саясий партиясынын жергиликтүү уюмунун регионалдык биринчи конференциясы өтүп, саясий партиянын лидери Марат Аманкулов, Жогорку Кеңешинин депутаттары, партиянын мүчөлөрү жана делегаттары, ошондой эле жергиликтүү кенешке талапкерлер, Ош шаарынын активисттери катышышты.

Конференцияда 2020-жылдын 12-апрелинде боло турган Ош шаардык кенешинин шайлоосуна партиянын катышуусу бир добуштан колдоого алынып, талапкерлердин тизмеси бекитилди. Талапкерлердин арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова да бар.  Ырчы айым, “Биримдик” партиясы менен Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюп жаткандыгын  журналисттерге маалымат иретинда айтты.

Abal.kg