Коронавирус. Нидерландияда миңдеген гүлдөрдү жок кылып атышат (фото)

Гүлдөрдүн мекени болгон Нидерландия (мурдагы Голландия) миңдеген букеттерди жок кыла баштады. Ал түгүл атактуу Кекенхоф гүлзары эшигине кулпу салды. Ушунун баары коронавирустун айынан деп билдирди Россиянын ММК булактары.

Анткени, коронавирус пандемиясынын кесепетинен көптөгөн мамлекеттер чек араларын жаап, карантин жарыялагандыгына байланыштуу көпчүлүк өндүрүш токтоду. Коронавирус экономиканын баардык тармактарына сокку урду. Анын ичинде гүл бизнесине дагы.  

Карантинден улам Нидердландияда гүлдөр таптакыр сатылбай калгандыктан кеткендиктен ири гүл базарлар миңдеген букеттерди жок кылууга мажбур болуп атышат.

Эскерте кетсек, Нидерландияда карантин 6 – апрелге чейин жарыяланган. Сыягы андан ары да узартылышы ыктымал. 23 – мартка карата Нидерландияда 4 миңден ашуун вирус жуктуруп, сыркоолоп аткандар бар. Алардын ичинен 180 киши көз жумган.

Abal.kg