Дүйнө

Коронавирустан 16 жаштагы кыз өлдү

Муну L’Express билдирди деп, 27-мартта — РИА Новости таратты. Франциянын 16 жашар жараны  COVID-19 коронавирусунан көз жумган.

Өткөн жумада кызда аз-аздан жөтөл пайда болгон. Бир нече убакыттан кийин анын абалы начарлап, жөтөлгөнү күчөп, дем алганы оорлой баштаган. Натыйжада ооруканага жаткырылган.

Ооруканда ага коронавирус деген диагноз коюшкан. Ошондон көп өтпөй эле инфекциянын натыйжасында дем алуу органы жабыркаган кыз көз жумду. Бул француз кыз Европадагы коронавирустун эң жаш курмандыгы болуп саналат.

Жакындарынын айтымында кызда мурда эч качан өнөкөт оорулар болгон эмес. Мурда олуттуу ооруп да көрбөгөн экен. Кыздын эжесинин журналисттерге айтып бергенине караганда алар вирус көбүнчө улгайган кишилер үчүн гана коркунучтуу деп ойлошчу экен. Бул окуядан кийин алардын эстери эңгиреп турушат.

Азыркы учурга карата COVID-19 коронавирус инфекциясын жуктургандар бүтүн дүйнө боюнча 465 миң кишиден ашып, 21 миң бейтап көз жумду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button