Италия коронавируска каршы дары табышты

Италиялык медиктер ревматоиддик артритке каршы «Тоцилизумаб» (Tocilizumab) дарысы менен коронавирусту дарылоо позитивдүү натыйжа бергендиги  туурасында мындан бир нече күн илгери La Repubblica басылмасы жарыя кылган.

Италия  өлкөнүн медициналык агенциясынан (AIFA) бул дарыны коронавирусту дарылоочу каражат катары ишке киргизүүгө уруксаат сурашты. Неаполдо 14-15-мартта төрт бейтапты артритке каршы «Тоцилизумаб» препараты менен дарылай башташкан.  Мындай чечим илимий эксперименттин учурунда  өкмөт тарабынан жактырылган. «Реанимацияда жаткан бейтаптын абалы оңолду.   Биринчи бейтап боюнча анын органынан түтүктү алуудан мурда (экстубация) анын абалына реаниматологдун баа беришин күтүп  атабыз. «Тоцилизумаб» алган төрт бейтаптын үчөөнүн абалы ишембиде эң мыкты натыйжа берди. Алар интенисвдүү терапия алышкан жок, бирок абалдары абдан эле оор болчу”, деди доктор Монтесарчио.

Ошондой эле Италиянын башка ооруканалары дагы бул дары коронавируска каршы эң мыкты натыйжаларды берип жатат дешүүдө. «Тоцилизумаб» дарысын алышкан бейтаптардын абалы  оңоло баштады. «Дары вирустун негизинде оорунун улаарып (осложнение) кетишине, башкача айтканда органдардын сезгенүүсүнүн күчөшүнө бөгөт коет. Бир сөз менен айтканда, бул дары   дем алуунун оорлошуна, жетишсиздигине алып келе турган  иммундук системанын гиперактивдүүлүгүн азайтат”, – деп билдиришет медиктер.   Азыр Италияда бул дарыны  коронавирустан дарылоочу каражат катары пайдаланууга уруксаат күтүп жатышат. Медиктер  «Тоцилизумаб» дарысы жакынкы арада массалык дарылоого жактырылат  деп үмүттөнүшүүдө.  

Abal.kg