Дүйнө
Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 293 адамга жетти
Казакстандык врачтар 30-мартта коронавирус жуктурган дагы тогуз жаңы учурду катташты деп билдирди Liter.kz маалымат агенттиги.
«Алматыда – 3, Кызылордо областында – 3, Акмоло областында – 3», – деп айтылат билдирүүдө.
Жалпысынан оругандардын саны Казакстанда дээрлик 300 адамга жетип калды.
Алардын ичинен Нур-Султанда – 167, Алматыда – 73, Караганды областында – 7, Атырау областында – 12, Акмоло областында – 9, Жамбыл областында – 3, Чымкент, Чыгыш Казакстан, Батыш Казакстан жана Актөбө областтарында – 2ден, Алматы областында – 6, Түндүк –Казакстан, Павлодар жана Мангистау областарында – 1ден, Кызылордо областында – 5.
Abal.kg