Дүйнө

Коронавирусту аныктоого жигитке томат паста жардам берди

Вирусту жукканын аныктоодо томат пастанын жардамы тийген бул окуя 23 жаштагы туристтин башынан өткөн. Муну Daily Mail жазып чыкты.

Чет өлкөдө эс алып жүргөн жаңызеландиялык турист Джошуа Дент (Joshua Dent) коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын томат пастанын жардамы менен билген.

Оорунун алгачкы симптомдору Джошуа Дент Лондондон үйүнө кайтып бараткан жолдо билине баштаган. Саякатчынын мурду бүтүп, тамагы ооруп, катуу да  чарчай баштаган. Бирок, аны өзгөчө таң калтырганы кээ бир тамактардын даамы, айрыкча томат  пастаныкы болгон.

«Эсимде, томат пастаны ооз тийип көрсөм: темирдин аябай жаман даамы келди. Мен башка фирманын пастасын сатып алдым. Анын да даамы так ошондой болуп чыкты. Инфекциядан арылганга чейин ошол даам кеткен жок», — дейт новозеландиялык жигит. Бирок, ошол эле учурда калган тамактардын даамы, жада калса помидордуку да эч өзгөрүүсүз калганын белгиледи, ал.

Дент айыгып чыккандан кийин биринчи кезекте дароо эле колбаса менен томат пасталуу бутерброд жегенин айткан.  

Мындан мурдараак, март айынын ичинде, австралиялык туристка дагы,  коронавирус инфекциясы менен ооруп айыккандан кийин, кеселдеп калганынын тарыхын башкалар менен бөлүшкөнү айтылган. Анын сөзүнө караганда, анда симптомдордун ичинен адагенде шакый (мигрень) менен чарчоо гана болгон. Аны да узак убакка жолдо жүргөндүкү болсо керек деп ойлоп койгон.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button