Окумуштуулар коронавирусту 48 саатта жогото турган дары табышты

Австралиянын Монаш Университетинин жана Мельбрундагы Королдун ооруканасынын окумуштуулары паразиттерге каршы  ивермектин дарысы коронавирус SARS-CoV-2нин 48 саатта жогото турганын аныкташты. Алынган тыянак Antiviral Research басылмасына жарыяланды. Бул туралуу Известия кабарлады.

Лабораториянын шартында изилдөөчүлөр ивермектиндин коронавирус жуккан клеткага тийгизген таасирин анализдеп чыгышты. Коронавирус жуккан клеткага эки сааттан кийин ушул дарыны кошушкан. Бул дарынын бир эле дозасы бир суткадан кийин вирус жуктурлган  РНКнын 93%ке төмөндөгөнүн, а эки суткадан соң 99%тен ашык азайганын аныкташты.

«Ивермектин менен дарыланган клеткада 48 саатын ичинде, контролдо турган үлүгүлөргө караганда, вирусталган РНКнын 5000 эсеге  азайганы билинген», — деп айтылат жарыяланган иште.Ошондой эле эксперимент учурунда ивермектин үлгүлөргө уулуу таасирин тийгизен  эмес.

Окумуштуулар алардын бул иши коронавирус жуктургандарды дарылоону изилдөөлөргө жардам берет деген үмүттө.

Алардын пикиринде ивермектин SARS-CoV-2нин вирустук күчүн азайтып, анын айынан пайда боло турган башка оорулардын козголушун жана улааруу процессин азайтып, адамдан адамга жугуусун токтотот.

Эскерте кетсек  учурда коронавируска чалдыккан адамдардын саны 1 миллиондон ашты.

Abal.kg