Европа чек арасын күзгө чейин жапканга даярдана баштады

Европа мамлекеттиринин чек арасы сентябрь айына чейин жабык бойдон калышы ыктымал. Абалдын ушундай тейде өнүгүгшү мүмкүн экенин Франциянын президенти Эммануэль Макрон божомолдоду. Бул тууралуу телеканал BFM кабарлады, деп 11-апрелде Газета.ru маалымдады.

ММКлардын маалыматтарына караганда, республиканын башчысы бул божомолун профсоюз лидерлери менен өткөрүлгөн видеожыйындын учурунда  билдирген. Телеканал муну синдикаттардын өкүлдөрүнүн бирөөнөн алынган мааламытка таянып жарыялаган. BFMдин маалыматтоочусунун айтканына караганда, Макрон мындай чарага коронавирустун Европа мамлекеттеринде жайылып атышы түрткү болушу мүмкүн экенин билдирген. Азырка учурда Европа мамлекеттери баардык көрсөткүчтөр боюнча алдыда.

Өзүнүн божомолун Макрон башка мамлекеттерде пандемия кандай өтүп жатканына салыштырып айткан. Маселен, анын айтымына караганда АКШда инфекциянын таралышынын жете турган чеги али алдыда, ал эми Азия мамлекеттеринде экинчи толкундун болушу да ажеп эмес. Ошол эле учурда чек аралардын жабылышы экономиканын калыбына келишине таасир тийгизээрин айтты президент.

Abal.kg