Орустун эң кыйын ырчысы Стас Михайлов коронавирус менен ооруп… (видео)

Эки өпкөсүнөн кагынып дарыланган эстрада ырчысы Стас Михайлов, корнонавируска берген тести оң болуп чыкты деп билдирди. Бул тууралуу  ал өзүнөн Instagram-аккаунтунда билдирди.

Роспотребнадзордун тести мен чын эле коронавирус  менен ооруганымды бышыктады… Мен көптөгөн билдирүүлөрдү алдым, азыр адамдар кечиктирбестен ооруканаларга кайрылып жатышыптыр,  пневмония деп ойлошкондору меникиндей коронавирус болуп чыгып атыптыр.

Стас Михайлов.

Мындан бир аз мурдараак Михайлов эки өпкөмө тең суук тийиптир, дарылынап атам деп айткан. Өткөн бейшембиде эле  –  9-апрелде коронавируска тапшырган төрт тесттим тең терс болуп чыкты деп билдирген.

Михайлов оорусунун симптомдору тууралуу да айткан. Адегенде бронхит менен ооруп калсам керек деп ойлогон. Мурду да бүткөн эмес, башы да оорубаптыр. Бир нече күн боюу антибиотик ичкен, андан жардам болгон эмес. Ошондр ырчы врач Марк Курцерге кайрылган. Ал ырчыга тез арада коронавируска тест тапшыр деген. Текшерүү учурунда эки өпкөсүнө тең суук тийгени аныкталган. Андан соң Михайловду “Лапино” ооруканасына жаткырышкан.

Стас Михайлов —Россиянын эмгек сиңирген артисти, көптөгөн музыкалык сыйлыктардын лауреаты. 2020-жылдын апрелинде 51 жашка толот.

“Без тебя”, “Небеса”, “Спящая красавица”, “К тебе иду”, “Берега мечты” ж. б. ондогон популярдуу ырлардын автору жана аткаруучусу.  

Abal.kg