Коронавирустан Пугачева менен Киркоров итке минген кедей болушабы? Продюсердин айтканы

“Ласковый май” тобунун мурдагы продюсери Андрей Разин Россиянын шоу-бизнесинин жылдыздары мыйзамды бузушуп, көптөгөн жылдардан бери салык төлөгөндөн качып келатышканын, эми пандемиянын учурунда мунун аларга кандай залалы тийерин  айтты. Бул туурасында Nation-news 10-апрелде баяндаган.

Продюсер өзүнүн Instagram баракчасында артисттер дайыма көз жаздымда калтырып келаткан салык төлөмдөрү тууралуу сөз кылган.

Разин отуз жылдан бери атактуу жылдыздар тапкан пайдасынан салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөбөй келатканын баамдап жүргөнүн айтты. Анын иликтөөсү боюнча, ушунун айынан эми бул оюн-зоок индустриясы эми ай сайын 11 миллион евродон ашык жоготуп жатышканын эсептеп чыккан.

“Бул тармактын, айрыкча  жылдыздардын өзүлөрү кандай жоготууларга учуруп жатканын элестетип көрсө болот – ай сайын 11 миллион 700 миң евро  жоготуп жатышат. Бул корпоративди эсепке кошпогондо”, – деп маалымдады продюсер.

Андрей Разин бир гана “Ласковый май” салыктарды мамлекеттик казынага так төлөп турганын айтып, ага Москва сотунун чечимин кошо тиркеген.

Продюсер Андрей Разин

“Бирок, бизден башка эч кбир жылдыз салык төлөгөн эмес. Ошондуктан, эми бул,  биздин шоу-бизнестин жеке жоготууларынын ичине кирип калды”, – деп ой жүгүртөт продюсер.

“Эгерде коронавируска байланышкан абал дагы жарым жылга созулуп кетсе, анда россиялыктар ырчылардын, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн бүт көрүшөт: ата-мекендик жылдыздар – Филипп Киркоров, Алла Пугачева, Максим Галкин жана башка көптөгөн атактуулар, колунда болгонунун баарын сатууга мажбур болушат. Анткени, жашоо-турмушун өткөрө албай калышат. Себеби, пандемиянын учурунда концерттик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө болбойт да”,- деп кошумчалады Разин.  

Abal.kg