Пайдалуу кеңештер

Врач корнонавирусту өлтүрө албай турган зыяндуу антисептиктерди атады

Россия президентинин иш башкармалыгынын № 1- поликлиникасынын врач-фармакологу  Игорь Федоров, шаршемби  — 15 —  апрелде, туура эмес даярдалган антисептик коронавирусту өлтүрө албайт деди.  

«Эң башкысы, өз бетиңерче, үй шартында, колго бул каражаттарды даярдоого аракеттенбегиле. Анткени, силер спирттин керектүү композициясын түзө алаарыңар күмөндүү. Бизге ВОЗ (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму) айтып жатат, 62%тен ашык  спирттүү антисептик гана вирусту өлтүрөт, калганынын кубаты жетпейт деп», — Федоровдун айтканын «РИА Новости» маалымдады.

«Колдон жасалган антисептик менен колду тазалап койсоң эле, вирустан корголобуз деген түшүнүк болушу мүмкүн. А иш жүзүнө келгенде бул коркунучтуу  катачылыкка алып келиши ыктымал», — деп айтканын «Газета.ру» жазып чыкты.

Ошондой эле спирти жок антисептиктерге да ишенүүгө болбойт деди, адис.

«Эгер спирти жок хлоргексидини бар антисептик жөнүндө сөз кыла турган болсок, ал кээ бир бактерияларды гана өлтүрүшү мүмкүн, а вируска күчү жетпейт», — деп кошумчалады Федоров.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button