ЮАРдын шаарларын пингвиндер, жолдорун арстандар ээлешти (видео)

Адамдар карантинде олтуруп, машиналары гараждарда чаң басып турган Түштүк Африка Республикасынын (ЮАР) аңгыраган ээн көчөлөрүндө эч нерседен бейкапар пингвиндер сейилдеп жүрүшөт.

Бүткүл дүйнөлүк желеге ЮАРдын шаарларынын биринде тартылган видео чыкты. Анда бул жандыктар эч нерседен коркпой-этпей, жолдун жээгинде жана тротуарларда ээн-эркин сейлдеп баратышканы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Түштүк Африканын ээн шоссе жолунда арстандар үйүрү тобу менен сейилдешип, асфальттын так ортосунда укташкан. Жан-жаныбарлар эми автомобилдер аларга тоскоол боло албасын түшүнүшкөн.

Abal.kg