Президенттин суранычы менен Тажикистанда Орозо жылдырылат

Тажикситандын президенти Эмомали Рахмон  мусулмандарды ыйык Рамазан (Орозо) айы менен куттуктды. Андан соң мамлекет башчысы Орозо айын эмгекчилер үчүн башка убакка жылдырууга чакырды. “Коронавирус биздин өлкөдө катталган жок, бирок биз колубузду куушуруп олтура берүүгө акыбыз жок. Азыркы максат иммунитетти  чыңдоо” деп айтты тажик президенти. Азыр болочок түшүмдүн камын көрүп жаткан дыйкандар үчүн Орозону башка убакка жылдыруу ылайык деген пикирин билдирди Эмомали Рахмон. Бул туурасында Asiaplustj.info 23-апрелде билдирди.

“Азыр мен дагы бир жолу өзүмдүн ардактуу мекендештеримдин эсине салып коеюн: быйылкы Рамазан коркунучтуу коронавирустун пандемиясына гана туш келбестен, жазгы талаа жумуштарынын жана эрте жыйналчу түшүмдүн учурунда да туура келип калды.

Андыктан биз ушул шарттарга жараша иш кылышыбыз керек. Эң биринчи кезекте өз ден соолугубуз жана үй-бүлөөбүздүн саламаттыгы жөнүндө кам көрүшүбүз керек. Ыйык ислам дининин окуусуна ылайык, адамдын ден соолугу жана адамдардын өмүрүн коргоо баардык эрежелерден жогору турат. Бул ой мусуслман диний доктриналарында дайыма баса белгиленип келген.

Демек, биз, аң-сезимдүү түрдө суу жана  тамак ичүүдөн карманып, өз ден соолугубузга зыян келтирип, өзүбүздү өз колубуз менен өлтүрбөшүбүз керек. Анткени бир күн боюу ачка болуунун натыйжасында адамдын иммунитети басаңдап, инфекциялык ооруларга тез алдырып кое турган болот.

Көптөгөн ислам аалымдарынын оюу боюнча дыйкандар, малчылар жана оор жумушта иштегендер, ачка болуу ден соолугуна зыян келтире тургандыгына байланыштуу орозо туткандан баш тарта турса болот деп эсептешет.

Башкача айтканда кылган ишинен коомдун  бейкуттугу камсыз боло турган адамдар – элдин кызматындагылар, ушул жеңилдиктердин негизинде орозо тутканды башка убакка жылдырса болот” деди президент.  

Abal.kg