10 миллион элдүү Швецияда коронавирустан көз жумгандар 5 миңден ашты. Евросоюз бул өлкөнүн чек арасына бөгөт койду

Евросоюз акырындап карантинден чыгып, өз ара чек араны ача баштады. Ал эми, элинин аң-сезимдүүлүгүнө ишенип, экономиканы сактап калуу максатында, өлкөнү карантинге жабуудан баш тарткан Швецияда, коронавирустан каза тапкандар 1, 5 миллиард калктуу Кытайдан ашып түшкөнү үчүн, Евросоюз  бул мамлекет эпидемиологиялык шарттарды сактаган жок, азыр бул өлкөдө абал өтө коркунучтуу деп, шведдер үчүн чек араларын жаап коюшту. Бул туурасында Dw.com маалымат порталы билдирди.   

Дүйнөдө пандемия  башталганда, Швеция “биздин өзгөчө жолубуз бар” деп, экономиканы сактоону максат кылып, карантин киргизүүдөн баш  тарткан. Натыйжада Европалык өлкөлөрдүн ичинен гана эмес, дүйнөлүк масштабда да Швециянын “өзгөчө жолу” терс тыянактарды бергенин, бүгүн бийлик мойнуна алып олтурат.

Бул туурасында июнь айынын башында Швед радиосуна (Sveriges radio) берген интервьюсунда мамлекеттин башкы эпидемиологу Андерс Тегнелл карантин киргизбей, өтө чоң ката кетиришкенин айтууга мажубур болгон. Тегнеллдин көз карашын өзгөртүүгө Швециядагы каза тапкандардын санынын өтө көптүгү  таасирин тийгизген. Журналисттердин, Швецияда өтө көп адамдар мезгилсиз каза тапты деп эсептейсизби деген суроолоруна, өлкөнүн башкы эпидемиологу “Ооба, абсолютно” деп жооп берген.

Abal.kg