АКШнын Калифорниясынын губернатору барларды кайрадан жабууга буйрук берди

Американын Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюсом,  коронавирустун жайылышы кайрадан күчөй баштаганына байланыштуу,  жети округдагы барлардын баарын кайрадан жабууга буйрук берди. Калган сегиз округга да барларды жабууну сунуштады. Бул туурасында 29-июнда ТАСС маалымдады.

«Калифорния COVID-19дун тездик менен жайыла баштаганына байланыштуу  Фресно, Империал, Керн, Кингс, Лос-Анджелес, Сан-Хоакин жана Тулейрдеги бүт барлардын  баарын жабууга буйрук берет», — деп жазды губернатор жекшембиде Twitter баракчасында. Андан тышкаары, губернатор ушундай эле чараны – Сакраменто, Санта-Барбара, Вентура ж. б. у. с. дагы сегиз округда ишке ашырууну сунуштады.

Ресторандар жана ичимдик ичүүчү жайлар санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөрдүн алкагында Калифорнияда да жана бүтүндөй АКШда жабылган.

Калифорнияда губернатор аларды ачууга 12-июнда уруксаат берген.

Вашингтон штатынын бийликтери ушул эле себеп менен ишканалардын жана тейлөө тармагынын ишин кайрадан жандандыруунун акыркы (төртүнчү) фазасына өтүүнү токтотуп койду. Вашингтон штатынын губернатору Джей Инсли 39 округдун сегизи төртүнчү фазага өтүүгө даяр болчу деп түшүндүрдү.  

АКШда  коронавирустун жайылышынын жаңы толкуну башталып жатат. Өткөн бейшембиде эле илдетти жугузгандар 40 870ге жетсе, жума күнү 45 миңден ашып кеткен.

Джонс Хопкинстин Университетинин маалыматы боюнча АКШда илдетке чалдыккандар  2,53 миллиондон көп, каза тапкандардын саны  125,7 миң кишиден ашып кеткен.