Сабырбек Жумабеков элге кайрылып, жетишпей жаткан дарыларды алып келүүсүн өтүндү
«Ганси» базасында ачылган ооруканада пневмония жана коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан ортопед Сабырбек Жумабеков ийне жана дары-дармек алып келүүнү суранды. Мындай кайрылууну ал Facebook баракчасына жазды.
https://www.facebook.com/s.djumabekov/posts/3141162392626995
«Урматтуу туугандар, «Гансидеги» менин медиктериме тамак-аш алып келбей эле койсоңор. Тамак бар, жетиштүү. Бизге азыр тез арада дары-дармек керек. Ким жардам берем десе, колдон келишинче алып берсеңер. Бизге акча бербегиле. Оптовый фирмаларда арзан болот», — деп кайрылды Жумабеков.
Дарыгер алып келүүнү сураган медициналык каражаттар:
Шприц 5,0 мл — 10 000 даана;
Шприц 10,0 мл — 1000 даана;
Физиологиялык аралашма (Физраствор) — 1 000 даана;
Гепарин 1,0 — 100 коробка;
Эуфиллин — 100 коробка;
Кан куюу системасы — 5 000 даана.