Коом
ВИДЕО. “Семетей” госпиталы жабылды, акыркы бейтаптар айыгып чыгышты
Бүгүн, 13-августта “Семетей” госпиталындагы коронавирус менен ооруган 8 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан стационар 47 күн иштеди. Бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланган.
Белгилей кетсек, учурда күз-кыш мезгилдерине, экинчи толкунга даярдык көрүү иштери улантылып жатат. Бул убакыттын ичинде кошумча шарттар каралып, көйгөйлөр чечилет жана лаборатория түзүлмөкчү.