ВИДЕО: Мына сага 80% — Лукашенко протестке чыккан элден вертолёт менен качып кутулду

Мындан бир аз мурда Көзкарандысыздык Сарайынын территориясында (Минскинин территориясындагы белорусь лидеринин резиденциясы– ред.) президенттин вертолёту Ми-8 конуп, ага белорусь президенти олтуруп, протестке чыккан жарандардан шаардын четиндеги резиденциясына качып кутулду. Бул тууралуу Avia.pro маалымат порталы 23-августта билдирди.
Белорусь мамлекеттик ММКсы белгисиз себептер менен бул инцидентти чагылдыргылары келишкен жок. Бирок, кээ бир маалыматтарга караганда бүгүн Минскинин эле территориясында тынч протестке 220 миңдей адам катышты. Ал эми бүтүндөй республика жарым миллионго чукул жарандар нааразылык акциясына катышышты.
Видеокадрлардан белорусь президентин эвакуация кылып жаткан процессти көрүүгө болот. Ошол эле учурда, өлкөдөгү өтө массалуу протестти чагылдырып жатышкан белорусь журналисттери, Көзкарандысыздык Сарайын кайтарган аскер адамдары «согуштагыдай кийинип алышканын» белгилешет. А протестке чыккандар Көзкарандысыздык Сарайынын территориясына өтүүгө аракеттенбегендиктерин, курчалган жерден жүздөгөн метр алыста тургандыктарын белгилешет. Сарайдын чатырында көптөгөн снайперлерди көрүүгө болот.
Белорусь президентинин пресс-кызматы, Александра Лукашенкону Минскидеги Көзкарандысыздык Сайрайынан эвакуация кылынганын эч кандай комментирийлешкен жок.



