ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Адамга бакыт алып келе турган 3 нерсе. Бирок ал акча эмес

Жашоонун балансына ачкыч табуу – сиз дайыма умтулган негизги максат ушул экенин унутпаңыз. Окумуштуулардын иликтөөлөрү көрсөткөндөй, адам офисте дагы бир саат ашыкча иштеп алганга караганда, тескерисинче, аны жумуштан алаксыткан нерселер алда канча бактылуу кылат. Inc.com адамды бактылуу кылуучу үч нерсени  атады.

Мамилелер

Латын Америкасынын өтө чоң бөлүгү АКШга караганда материалдык жактан алда канча начар турушат. Бирок, эларалык сурамжылоонун тыянагына караганда, бул аймактын эли америкалыктарга караганда кыйла бактылуу жашашат.  

Берклидеги Калифорния университетинин Greater Good Science Center борбору даярдаган видеодо айтылгандай, бакыттын сыры – мамилелерде. Латын Америкасынын маданиятында жакын адамдарыңдын жанында болуу алда канча маанилүү жана баалуу болуп саналат. Ал түгүл, ал үчүн кээде жеке амбицияларыңдан да баш тартууга туура келет.   

Спорт

Жеке ишкерлер максатына жана ийгиликке жетиш үчүн көпчүлүк учурда ден соолугун курмандыкка чалышат. Йель жана Оксфорд университеттеринин окумуштуулары, спорт менен регулярдуу машыгуу адамдын өзүн-өзү жакшы сезе билүүсүн жылына $25 миң доллар кошумча алгандай деңгээлде жакшыртаарын аныкташкан. Тренировка кылбай, бирок жылына  $25 миң долларга көп тапкан адамдар өздөрүн кандай жагымдуу сезишсе, $25 миң доллар ашыкча таппаса дагы физический жактан активдүү адамдар өздөрүн дал ошондой эле жакшы сезишкен

Жумушка барчу өтө кыска жол

Дагы бир мисал: адамдар көпчүлүк учурда жумушка чейинки жолдун узагын тандашат, анткени үйдүн чоңуна жетүүгө, же болбосо мансап жактан өсүүгө  кеңири мүмкүнчүлүк алгылары келишет. Бирок, британиялык  иликтөөлөр көрсөткөндөй жолго кеткен ар бир кошумча 20 минуттун ичинде, айлыгын  19%ке кыскартып койгондо адам өзүн кандай жаман сезсе, дал ошондой абалга дуушар болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button