Сүйүү менен ажырашуунун мелдеши

Учу-кыйыры билинбеген ажайып мейкин талаанын четинде турган жаш түгөйлөрдү Сүйүү менен Ажырашуу суктануу менен карап турушкан эле. Бир маалда Ажырашуунун оюна бир нерсе кылт этип, Сүйүүгө мындай деди:

– Мени менен мелдешесиңби, мен азыр буларды оңой эле ажыраштыра алам!

– Андайыңды коё тур, мен аларга жок дегенде бир жолу барайын, анан сен канча кааласаң ошончо бара бер. Ошондон кийин анан көрөлү сенин ажыраштырганыңды, – дейт Сүйүү.

Ажырашуу бул сунушка макул болот. Сүйүү тигилерге барып, өз илеби менен жаш түгөйлөрдү бир айланып өтүп, ошол замат алардын көздөрүндө жарык бир учкун пайда болгонун байкайт…

– Эми кезек сеники, – дейт ал Ажырашуунун жанына келип.

Тигилерди алысыраактан эле байкаган Ажырашуу:

– Жок, мен азыр эч нерсе кыла албайм, себеби алардын жүрөктөрү АРЗУУга толуп калганын көздөрүнөн көрүп турам. Бирок, коё туруп сөзсүз барам да, аларды ажыраштырам… – деди өктөм сүйлөй.

Арадан убакыт өтөт. Акыры Ажырашуу алардын үйүнө баш багып, жубайлар жаш наристесин эркелетип олтурушканын көрөт. Сүйүүлөрү кайтып калгандыр деген ишеним менен келген Ажырашуу ал экөөнүн көздөрүн караса, каректеринде бири–бирине болгон терең ЫРААЗЫЧЫЛЫК жашап атыптыр. Ал кайра артка кайрылып, «буларды азыр ажыраштыруу мүмкүн эмес экен, мен буларга кечирээк келем» деп өзүнө сөз берет.

Жылдар чубап, Ажырашуу кайрадан алардын үйүнө баш багат. Үйдөгү балдардын ызы-чуусун, жумушунан чарчап келген күйөөсүн, оокаты менен балдарынын ортосунда чебелектеген энени көрүп, Ажырашуу: «Мына эми буларды ажыраштырып кетем, Ыраазычылык алардын жүрөгүнөн

эчак кетсе керек», – дейт. Бирок, абай салса, алардын каректери СЫЙ

менен ТҮШҮНҮКкө толуп туруптур. Көңүлү чөккөн Ажырашуу кечирээк келейин деп кайра кетет.

Мезгил учуп, Ажырашуу алардын үйүнө дагы келет. Караса, балдары чоңоюп, чачтарын бубак баскан атасы балдарына насаат айтып, апасы ашканадагы тамак-ашы менен алек экен. Бир маалда Ажырашуу «шуу» эте үшкүрдү. Анткени, түгөйлөрдүн көкүрөгүнө күчтүү ИШЕНИМ орногонун алардын көздөрү айтып турду. «Кечирээк баш багам…» деп, Ажырашуу кайра да жолуна түштү.

Дагы жылдар жылга алмашты. Сүйүүгө өзү сунуш киргизип мелдешти баштап алган Ажырашуу кайрадан баягы үйгө келип, эми үйдө неберелер ойноп калганын, очоктун жанында жылынып байбиче отурганын көрөт. «Мына, менин убакытым да келди» деп Ажырашуу чоң эненин көзүнө

тигилип караарда, ал ордунан туруп үйүнөн сыртка чыгат. Ажырашуу анын артынан ээрчийт. Байбиче дарбазанын сыртына бет алып, көчөдөн талаага бурулуп бир аяк жолго түшөт. Анан ал мүрзөлөргө жетип, акырын эңкейип бир күмбөздүн түбүнө олтурат. «Мен кечиккен экенмин, – дейт Ажырашуу. – Менин ордума Убакыт өз ишин жасап коюптур».

Анан ал байбиченин жашка толгон көздөрүнөн эки жандын зор ЭСКЕРҮҮГӨ бөлөнүп турганын көрөт. Ал Эскерүүдө Арзуу, Ыраазычылык, Сый, Түшүнүк, Ишеним камтылган Улуу Сүйүү жашап жаткан эле…

“Жашоонун сыры кайда катылган?” китебинен (Икаялар топтому. Тексттердин котормочу-автору С.Кыдырмаева)