Биринчи вице-премьер-министр: Абанын булганышы боюнча маселени чечүүдө комплекстүү чараларды көрүү керек

Абанын булганышы боюнча маселени чечүү үчүн комплекстүү чараларды көрүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунун экологиялык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын планын аткаруу боюнча кеңешмеде билдирди.

Бишкек шаардык мэриянын маалыматы боюнча, борбор калаада абанын булганышын алдын алуу үчүн жалпы билим берүү мекемелеринин жылытуу системасын акырындык менен газга өткөрүүнү пландап жатат.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Инвестициялык программасына ылайык, Бишкек шаарынын четиндеги 22 конушка көгүлтүр от киргизилди. Тагыраак айтканда, 11 508 турак үй газга туташтырылды. Учурда дагы 5 калктуу пунктта газдаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле мэрия газ кыймылдаткычы менен иштеген 100 даана автобус сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

«Адистердин маалыматы боюнча, абанын бузулушуна тийиштүү нормадан ашыкча уулуу затты бөлүп чыгарып жаткан унаалар дагы себеп болууда. Ошондуктан газ кыймылдаткычы менен иштеген муниципалдык транспортту алуу иштерин күчөтүү керек. Кыскасы, абанын булганышы боюнча маселени чечүүдө комплекстүү чараларды көрүү боюнча иштерди күчөтүү шарт. Мындан тышкары ар бир жаран экологияга кайдыгер карабаса.  Үй менен мончолорду жылытууда таштанды, желим жакканды токтотуу зарыл», – деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр абанын булганышын алдын алууда жашылдандыруу, сейил бактарынын аянтын кеңейтүү боюнча жасалган иштерге токтолуп, жаз алдында бул багыттагы жумуштарды улантуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле транспорт каражаттарынан абага  зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын алдын алуунун дагы бир механизми – бул жашыл агым (зеленая волна) автоматташтырылган системасын Бишкек шаарына киргизүү мүмкүнчүлүгүн  караштыруу тапшырмасын Ички иштер министрлигине берди. 

2020-жылы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багы жана «Ден соолук» паркы ачылды. Жалпысынан быйыл Бишкек шаары боюнча 8 846 даана бак-дарактын көчөтү отургузулду.