Конфликттерди чечүүгө арналган жаштар арасында кейс-турнир өтөт

24-25-октябрь күндөрү «Консенсус» демилгесинин катышуучулары ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана конфликттерди чечүү жөндөмдөрүн сыноо максатында дебаттык кейс-турнирге катышат.

Долбоордун биринчи баскычы, вебинарлар, аяктап, эми катышуучулар турнирге даярданышууда. Вебинарлардын натыйжасында алар ар түрдүү чөйрөдөгү конфликттик кырдаалды чечүүнүн тынч, өз ара пайдалуу жана мыйзамдуу ыкмаларын табууну үйрөнүштү.

Турнир ZOOM платформасы аркылуу онлайн режиминде өтөт. 54 катышуучу 18 командага бөлүнүп, алар ойдон чыгарылган конфликтик жагдайларга катышат. Турнирдин ар бир айлампасына (раунд) үч кишиден түзүлгөн эки команда катышып, алар конфликттин эки башка тарабын чагылдырышат. Катышуучуларга алдын-ала конфликттин маңызын сүрөттөгөн жалпы маалымат жана тараптардын ар бирине жашыруун маалыматтар берилет. Командалардын тапшырмасы — жеңишке жетүү эмес, эки тарапка тең оптималдуу болгон чечимдерди сунуштоо жана консенсуска келүү.

Топтордун жарыш оюндарына эксперттик калыстар тобу баа берет. Алар катышуучулардын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөгү ийкемдүүлүгүн, учурдагы кырдаалга ылайыкташуусун, сунушталган чечечимдин кызыкчылыктарга шайкеш келишин, командалык ишти жана сүйлөшүүлөрдүн этикасын баалашат. Финалда жеңүүчү команда аныкталып, мүчөлөрүнө бирден планшет ыйгарылат.
Бардык каалоочулар турнир учурунда командалардын жарышы менен жетишкендиктерине күбө боло алышат. ideaca.today сайтында атайын турнирдик блок түзүлгөн, анда турнирдик сетка жана ар бир айлампаны көрүү үчүн шилтемелер жайгашкан.

Эскерте кетсек, «Консенсус» демилгесинин катышуучулары чек ара аймагындагы Кербен, Суу-Башы, Кашка-Суу, Кашкар-Кыштак, Айдаркен, Бирлик, Тепе-Коргон, Кара-Суу жана Көк-Серек айылдарынын тургундары. Жалпысынан демилгеге 33 кыз жана 21 улан катышууда.

«Консенсус» демилгеси БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен «Борбордук Азиядагы Эл аралык Дебат Ассоциациясы» (IDEA CA) коомдук фондунун биргелешкен “Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы достук мамилени жана кызматташтыкты илгерилетүү” долбоорунун алкагында БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылоосунда ишке ашырылууда.