Дүйнө таанымыңды кеңейткиң келсе китеп оку

181

Учурда биздин коомдо китеп окуу азыр кайра жанданып бара жатканын байкасак болот. Ал тыянакка пикир алышууда, көбүнчө сурамжылоолордо, китеп дүкөндөрдүн жанданып баратканынан адам эми материалдык байлыктан руханий жактан азыктанууга маани берип жатканын көрүп ич жылыбай койбойт.

Заманбап, ар тараптан өнүгөм деген адамдын үйүндө сөзсүз китеп текчесинде ар кандай багытта, жанрда, көп болбосо да бирин-экин китеп болуш керек. Азыр заман өтө ылдам өнүгүп, керек болсо азыр бир нече кесиптин ээси болуп, эки-үч тармакта жаштар өздөрүн сынап көрүп жатышат.

Биз СССР тарагандан кийинки доордогу балдар, мурункудай дилгирликти көрсөтүп китеп окуганга ашыктык десем калп айткан болом. 

Мен кичинемден таята-тайнемдин колунда өстүм. Билимге болгон умтуулумду таятам тарбиялады десем жаңылышпайм. Өзү дагы өтө билимдүү, токтоо, бир мүнөз мыкты инсан эле.  Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин китеп окуду. Аябай таң калчумун. Тынбай китеп окуганына. Биз болсо бир барак окусак чарчап-чаалыгып, тажап, жаап туруп кетчүбүз.

Чыракты апаларынан катып, уурданып китеп окугандыктарын көптөгөн белгилүү адамдардын сөзүнөн угуп, жазып, айтып кеткендигин билебиз.

Мына замандаш, кандай кыйынчылыкка, тосколдукка  карабай, китепти баалашкан жана баркташкан. Биздин балачак мезгилге кайтып келсек, анда бизде бардык шарттар бар, бирок китеп окуган адам аз болчу. Технологиянын заманы кирип, бардыгы интернетке өттү.

Телевизор көрчүбүз.  Бирок студент кезде китеп менен кадимки китепканада сабакка даярданчубуз. Ал убактарда интернет аябай кымбат болчу. Кээ бир өтө маанилүү делген материалдарды карабасак, интернетке көп деле баш бакчу эмеспиз.

Азыр ойлосом, ал муундун адамдары билимдин, китептин жада калса бир кесим нандын баркын билишчү. Анан да калса материалдык байлык анча мааниге ээ эмес эле, баары бирдей жашап руханий азыктанууну биринчи орунга койгон, баалуулуктары, дүйнө таанымы, ой- жүгүртүүсү башка болгон десек жаңылышпайбыз. Бирок, бул жактан ар бир окурманга тандоого, башкача ойлонушуна, балким башка себепти башкадан  көрүп жатса албетте тандоо укугун калтырабыз. Эркиндик, тандоо, өз пикирин айтууга, бирөөнүн пикирин башкаларга таңуулабаганга бизди  демократиялуу дейбизби, эркин коом тарбиялап койгон. Ошондуктан бул менин гана ички уйгу-туйгу ойлорум экененин баса белгилейин. 

Жумушка орношуп, убакытка шылтап, китеп бетин ачпай жүрдүк бир топ убакыт. Бирок ичимден өзүбүздү өнүктүрүш керек эле, китеп окуганга убакыт табыш керек эле деп кыжалат болдум. Же өзүңдүн эркиңде дагы кеп бар деп калам өзүмө. Мени бирөө колума китеп бербей катып жаткансып, чындыгында шылтоо болсо бардык нерсени жокко чыгарса болот болуш керек. Азыр жакшы, кичине  убакыт таап, окуганга аябай аракет кылуудамын.

Убакыттын өтүшү менен интернет китептер пайда болду, алар дагы эле бар. Мен жеке өзүмдүн аң-сезимим андай китептерди  такыр кабыл албайт экенмин. Билбейм, балким кийинчерээк кабыл алып калышы да мүмкүн.

Китепти колума кармап, мукабаны аябай изилдеп, кооздугун баалап, анан окуп баштайм. Албетте, маанисин карап аласың, бирок тышкы көрүнүшү дагы чоң роль ойнойт айрыкча айымдарга.

Көбүнчө эл аралык, жазуучуларды окуганга аракет кылам.  Аябай чоң санда окудум деп такыр айта албайм. Бирок ичимдеги ой-толгоолор ушул макаланы дейбизби(окурмандын сынына) жазганга шарт түздү.

Анан дагы мыкты кино тасмалар дагы ушул шедевр жазылган китептердин негизинде тартылаарын билебиз. Биро, баары бир китебин окуганда тасмадагыдай эмес жакшы, маанилүү же бир кызыктуу деталдар жөнүндө билип алат экенсин.  Кээде режиссер маанилүү делген деталдарды атайын  же байкабай калтырабы, билбейм, бирок  китебин окуган соң таасир алат экенсиң. Сиздерге мен окуган бир нече китептер менен тааныштыра кетейин, кызыгып окуп калсаңыз бул макалам кичине да болсо максатына жеткен болот деп калайын.

Джек Лондон “ Белый клык”  Белый клыктын атасы карышкыр, энеси Кичи-жарымы ит, жарымы карышкыр. Азырынча анын ысымы жок. Бороондуу түндүктө туулуп, жалгыз тирүү калган бөлтүрүк.  Түндүктө ачка калуу көнүмүш эле абал. Ошонун айынан бир туугундары аман калган эмес. Жалгыз көздүү атасы сүлөөсүн менен болгон кармашта каза тапты.Бөлтүрүк менен энеси экөө эле калды. Аңчылыкта энесин ээрчип, барган сайын ал жактын катаал  мыйзамдарын билип, сен жебесең-сени жешет дегенди бара-бара түшүндү. Бул мыйзамды бөлтүрүк так түшүнө электе эле ал мыйзам менен жашоодо. Аңчылык мыйзамынан башка дагы бир топ мыйзамдар сени баш ийдирип алган. Бөлтүрүктүн ичиндеги күч, жашоонун маңызын түшүнүүсү бакыттын башаты болуп берүүдө. Дүйнө түркүн күтүлбөстүктөрдөн турат.

Эрнист Хэменгуэй,  “ Старик и море” жалгыздык, жаратылыш менен адамдын ортосундагы түбөлүк ажырагыс байланыш тууралу чыгарма.

Антуан Де-Сент Экзюпери “ Маленький принц” фантастикалуу  чыгарма, жеңил оңой окулат калтырган таасири аябай жакшы.

Пауло Коэли “ Алхимик”- 11 жылдык өмүрүн алхимияга арнаган окумуштуу тууралу китеп.

Томас элой Мартинес, “ Святая Эвита” деген чыгармасы Аргентинанын биринчи хан айымы тууралуу керемет чыгарма.

Артур Конан Дойль “Хоязяин черного замка и другие истории” бул китепти окусан ошол окуянын ичинде өзүн кааарман болуп, окуя бүткүчө ушундай мыкты эмоцияда кармаганы адамды таң калтырбай койбойт.  Бул китепти жаңы окуп баштадым. Дагы алган таасилер менен сөзсүз бөлүшөм.

Айсулуу Исабек кызы