Окуялар

УКМК Райым Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду кармады

Атайын кызмат тарабынан Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда.

УКМКнын билдиришинче, Савай айылындагы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасы бир миллион сомго негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Ошондой эле Сайпидинов аталган объектинин сапатсыз жасалганына карабай эксплуатацияга берүүгө макул болгон.
Мындан сырткары, Ош шаары жана облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, ар кандай жосунсуз иштерге барганы туурасында сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылат. Бул иш боюнча Сайпидинов күбө катары сурак берүүдө.

Белгилей кетсек, Мунарбек Сайпидинов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Буга чейин чекисттер анын үйүн, жумуш ордун тинткен. Андан соң ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен да жолуккан

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button