Жума күнгө карата аба-ырайы

8-январь, жума күнү, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында эртең менен жана күндүз жаан-чачын болушу мүмкүн. Республиканын башка өрөөндөрүндө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө -3…-8, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -1…-6, Ысык-Көлдө -4…+1, ал эми Нарын жергесинде -8…-13 градуска жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада -6…-8 градус суук болсо, Ош калаасында -4…-6 градуска жетери болжолдонду.