Саясат

Садыр Жапаров: Оппоненттердин кеп-кеңешин, сынын угуп, кызматташууга даярбыз

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров оппоненттеринин кеп-кеңешин, сынын угуп, кызматташууга даяр. Ал бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ала-Тоо аянтында шайлоочуларына ыраазычылык билдирип жатып айтты. Жапаров туура эмес кетсе сындап, туура жолго салып, кеп-кеңешин берип туруусун шайлоочуларынан суранды:

«Бирок туура эмес иш кылбайбыз. Улуттук долбоор деңгээлинде иш баштайбызбы, кандай гана иш болбосун ачык болот. Кимде-ким эгер каршы чыга турган болсо, өкмөт үйүндө иш болуп турган жерге чакырып, ачык-айкын ар бир ишти көрсөтүүгө, алар менен талкуулоого даярбыз. Мындан ары көчө оппозициясы болбой, оппоненттер, башка жарандарыбыз биздин кабинеттерге келип, отурумдарга катышып, оюн айтуусуна шарт түзүп беребиз. Мындан ары демократиялык иш алып барабыз. Мурункудай бир бөлмөгө жашынып алып, бир адамдын кызыкчылыгы үчүн иштөө болбойт»- деди.

Бүгүн, 11-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жеңишин майрамдаган иш-чара өттү. Анда айрым эстрада ырчылары концерт беришти.

10-январда өткөн Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоодо талапкер Садыр Жапаров 79% добуш алды.

Экинчи орунда — Адахан Мадумаров. Ага 94 278 добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Президенттик шайлоо менен чогуу өткөн мамлекеттик башкаруу формасын тандоо референдумундагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button