Үй шартында иммунитетти кантип көтөрсө болот жана иммунитетти түшүрүүчү азыктар кайсы?

Азыркы тапта элдин көбү ар кандай сасык тумоолор менен ооруп, ага кошул-ташыл коронавирус да жугуп жаткан кез. Ал эми адамдын иммунитети тууралуу маалымат азыркы учурдун таасын-каккан суроолору. Көпчүлүгүбүз организм иштөө процессин туура сактабагандыктан, ар кандай ооруларга дуушар болобуз.

Пандемия учурунда биздин эң негизги куралыбыз күчтүү иммунитет. Аны кантип калыбына келтирсе болот жана кандай азыктар иммунитеттин түшүшүнө жолтоо болот? Бул суроолор сизде дагы жаралган болсо төмөнкү маалымат аркылуу таанышып алыңыз.
Көпчүлүк адамдар кандай тамактар иммунитетти көтөрөөрүн же тескерисинче түшүрөөрүн билишпейт. Эң негизгиси туура тамактануу менен биз бул маселеге чекит коё алабыз.

ИММУНИТЕТТИ КӨТӨРҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

1.Табигый бал
Аарынын балы иммунитетти көтөрүүдөгү эң негизги пайдалуу каражат.
Күнүнө бир чай кашык бал жесеңиз, иммундук системаңыздын бир калыпта болушуна өбөлгө түзөт.

2.Цитрус
Цитрус азыктары иммунитетти көтөрөт, курамында С витамини камтылган. Көбүнчө цитрус лимондун курамында болот. Кадимки эле анар, мандарин, апельсин да пайдалуу.

3.Имбирь тамырлары
Имбирь табигый азык, аны 2 жаштан баштап, жогорку жаш курактагыларга чейин ичүүгө болоору тастыкталган. Андан тышкары имбирь иммунитетти жогорулатып, арыктатуучу касиетке ээ.

4.Сарымсак
Баарыбызга белгилүү сарымсактын курамында табигый антибиотик аллицини бар.
Бул компонент какырыкты козготууга өбөлгө түзөт, андыктан аны дем алуу тутумунун оорулары үчүн колдонуу сунушталат.

5.Туздалган капуста
Бул биздин организмибизге аскорбин кислотасын жеткирүүчү каражат, курамында С витамини бар.
Бул азык төмөндөгүлөрдү алдын алат:
1.алмашуу процессин күчөтүү
2.Төмөнкү холестерин
3.Организмдин стресске туруштук берүүсүн алып салуу.

6.Ит мурун
Итмурун мөмөлөрү илгертеден эле пайдалуу касиети менен белгилүү. Анткени адамдар аны айыктыруучу каражат катары колдонушкан. Аны суук тийген мезгилде профилактика катары колдонулат.

КАНДАЙ АЗЫКТАР ИММУНИТЕТТИ ТҮШҮРӨТ?

1.Кофе
Организмге тиешелүү убакта энергия бергени менен жыйынтыгында адамды алсыраңкы абалга алып келет. Ооруп жаткан адамдардын иммунитетин ого бетер түшүрүп жиберет.

2.Тез жасалуучу азыктар
Боткодон жана кургак мюслиден алыс болгонуңуз оң. Бул азыктарда көп өлчөмдө углеводдор бар жана алар майдын кетишине өбөлгө түзүшөт.

3.Алкоголь
Бул пандемия учурунда иммунитетти чыңдай алат деген карама-каршы пикир. Ичкилик боорду ашыкча жүктөп, денедеги терлерди кетирүү процессин жайлатат, бул ден-соолукка зыян келтирет.

4.Газдалган жана таттуу азыктар
Мындай тамак-азыктары глюкозанын деңгээлин көтөрүп гана тим болбостон, иммундук системаны чыңдоого роль ойногон С витамининин сиңишине тоскоол болот.

Даярдаган Нурзат Акматалиева